Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Аскер буюмдарын мыйзамсыз алып бараткан жаран кармалды


Казакстанга төрт мүшөк аскер буюмдарын алып бараткан кыргыз жараны кармалды. Мүшөктөрдө аскер кийимдери, атайын даярдактагы жоокерге ылайыкталган буюмдар жана сегиз даана бычак табылган. Ал бычактардын төртөө F16 үлгүсүндөгү мылтыкка колдонулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

21-февраль күнү “Ак-жол” өткөрмө бекетинде чек арачыларга кармалган жаран буюмдарды Алматыга алып баратканын айткан. Учурда УКМКда сурак берүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG