Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

“Республикачылар” мамдирекция курган үйлөргө барышты


Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаттары мамдирекция курган үйлөрдүн абалын канааттандырарлык эмес деп табышты. Бул тууралуу алар Ош шаарында жаңы салынган үйлөргө барган учурда билдиришти.

Бүгүн “Республикачылар” Ошто көчмө жыйын куруп, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн сапатын текшеришкен.

19-февраль күнү мамдирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын токтому да жарыяланган. Анда дирекция бир катар каржылык мыйзам бузууларга жол берилип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнү айтылган.

Токтомдо белгиленгендей, Эсеп палатасы эки ай ичинде кайрадан текшерүү жүргүзүшү керек. Мыйзам бузууларга Башкы прокуратура баа берип, анын жыйынтыгы 15-апрелге чейин Жогорку Кеңешке маалымдалат. (YI\SE)

XS
SM
MD
LG