Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Украина: парламент эски Конституцияга кайтууну жактырды


Украинада парламент 2004-жылдагы Конституцияга кайтып келүүнү жактырды.
Эски Конституция боюнча, президенттин айрым укуктары чектелип, парламенттин укуктары кеңейтилет.

Мунун алдында оппозиция президент Виктор Янукович менен учурдагы оор саясий кризисти жөнгө салууну караган келишимге кол койгон эле.

Бийликтеги Региондор партиясынан шайланган депутат Анна Герман бул макулдашуунун маанисин мындайча белгиледи:

Эч кандай шарт койбостон, бир гана кан төгүүнү токтотуу далалатында Янукович болуп көрбөгөн кадамдарга барды. Украинада тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн ал чукул президенттик шайлоо жарыялап, 2004-жылдагы Конституцияга кайтууга макул болду жана парламенттик республика багытында бийликти кайра бөлүштүрүү менен катар, улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө жол ачты.

Киевдеги кагылыштарда ушул жумада аз дегенде 80 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG