Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Юлия Тимошенко абактан чыкканы маалымдалды


Украинанын мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко Харьковдогу абактан чыкты. Бул жөнүндө Украинананын "Громадське ТВ" телеканалы кабарлады.
Бүгүн (22-февраль) парламент Тимошенко абактан чыгарылсын деп добуш берген. Мындай резолюция үчүн парламенттин мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү - 322 депутат добуш берди. Тимошенко премьер-министр кезде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2011-жылы 11-октябрда жети жылга соттолгон.

Бүгүн эле Тимошенко башындагы «Батькивщина» партиясынын мүчөлөрү Александр Турчиновду Жогорку Радага төрагасы, Арсен Аваковду Ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып бекитти. Парламенттин төрагасы Владимир Рыбак бүгүн өз ыктыяры менен отставкага кеткени маалымдалган. Депутаттар бүгүн Башкы прокурор Виктор Пшонкага ишеним көрсөтүлбөсүн деп добуш беришти.

Өлкө чыгышындагы Харьков шаарында Украинанын түштүк-чыгыш региондорунун депутаттарынын курултайы өтүүдө. Бул жыйынга президент Янукович катышаары маалымдалган.

XS
SM
MD
LG