Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Баткен: Аткезчиликти эл дагы көзөмөлдөп жатат


Кыргыз-тажик чек арасы жабык тургандыктан, аткезичлик менен соода кылгандарды жергиликтүү тургундар өздөрү көзөмөлдөөдө. Өткөн жумада алма, күрүч жана көмүрдү жашыруун өткөрүп бараткан адамдар кармалган. Бул тууралуу Ак-Сай айыл башчысы Эркин Жолчиев “Азаттыкка” кабарлады. Аткезчилик соодасына көмөктөшкөн деген айып менен Лейлек райондук милиция бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кызматынан алынган.

Баткен аркылуу Тажикстанга негизинен күйүүчү май, цемент, күрүч, алма, өрүк, Кытайдан келген товарлар өтөт. Тажикстандан ун, сүт, эт азыктары, өсүмдүк майы келет. Чек ара жабылганы булардын баары дээрлик токтоду.

Кыргыз-тажик чек арасы 11-январда болгон эки өлкө чек арачыларынын ортосундагы атышуудан соң жабылган. Жергиликтүү тургундар маселе толугу менен чечилгенге чейин чек аралар ачылбасын талап кылышууда. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG