Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Миграция мекемеси четте өкүлчүлүк ачууну сунуштоодо


Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусия, Казакстан жана Түштүк Кореяга өз өкүлчүлүгүн ачууну сунуштоодо. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган министрликтин миграциялык саясат бөлүмүнүн адиси Улукбек Бакенов билдирди. Анын айтымында, мындай сунушту камтыган өкмөттүн токтом долбоору иштелип чыкты. Жакынкы аралыкта ал өкмөттүн кароосуна сунушталат. Токтом кабыл алынса, Орусия, Казакстан жана Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттары менен иштей турган атайын өкүлчүлүктөр ачылат.

Бейрасмий маалымат боюнча, аталган өлкөлөрдө жалпысынан бир миллионго жакын кыргызстандык мигрант эмгектенип жүрөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG