Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Египеттин өкмөтү кызматтан кетти

Египеттин аскердик бийлиги тарабынан колдоого алынган министрлер кабинети дүйшөмбү күнү кызматтан кеткенин жарыялады. Бул тууралуу телеканалдан премьер-министр Хазем Беблави айтты, бирок ал отставканын себебин түшүндүргөн жок. Беблави өкмөт башчысы болуп 2013-жылдын июнь айында дайындалган, анда өлкөдөгү толкундоолордон кийин исламчыл президент Мухаммед Мурси бийликтен ас-Сиси баштаган генералдар тарабынан кулатылган.

Учурда ас-Сиси президенттик шайлоого катышаары божомолдонууда. Египетте президенттик шайлоо апрелдин ортосуна белгиленген. (AiK)
XS
SM
MD
LG