Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:06

Кызыл-Жар ооруканасындагы окуя парламентте талкууланат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ооруканадан качып чыккан кишинин милиция кызматкерлерине ок атканы боюнча иликтөөнүн жүрүшүн Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети бүгүн карайт. Андан сырткары ооруканада кылмыштуу топтордун мүчөлөрү көз боёмочулук максатында дарыланып жатканы талкууга алынат.

Жыйында ички иштер министри Абдылда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, баш прокурор Аида Салянова жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашова маалымат беришет.

Жалал-Абад облусундагы аталган ооруканада жаткан Заур Магомедов белгисиз жагдайларда сыртка чыгып кетип, 9-февралда Балыкчыда эки милиция кызматкерин атууга катышкан. 11-февралда Токтогул районунда атайын операция учурунда атып өлтүрүлгөн.

17-февралда милиция ооруканада атайын операция өткөрүп, кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG