Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Маданий тармактагы маселелер парламентте каралат


Жогорку Кеңеште бүгүн маданият тармагындагы маселелер боюнча парламенттик угуу болот. Жыйында маданий мекемелердин жана окуу жайлардын абалы талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков бул жааттагы ийгилик жана кемчиликтерди айтып бермекчи. Ал эми каржы министри Ольга Лаврова маданий тармакка сарпталып жаткан каражаттар тууралуу маалымат берет.

Парламенттик угууга маданият кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун мүчөлөрү да чакырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG