Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Дарыгерлер депутатты жоопкерчиликке чакырууда


Жогорку Кеңеш “Республика” фракциясынан депутат Нурбек Мурашевдин жоопкерчилигин кароосу зарыл. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин кесиптик кошуунунун мүчөлөрү айтып чыкты. Алардын билдиришинче, депутаттын Улуттук госпиталдын дарыгерине кол көтөрүшү медицина коомчулугунун нааразылыгын жаратты. Мындан улам дарыгерлер парламентти депутаттын жүрүм-турумуна баа берүүгө чакырды.

12-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевдин ортосунда чыр чыккан. Тургунбаев аны Мурашев “жакынымды жакшы карабайсың” деп токмоктогонун айтып, ооруканага жаткан. Депутат болсо бул айыптоону четке кагып, өз ишине шалаакы мамиле жасаган дарыгер жоопкерчиликтен качып жатат деп билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG