Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Ирак - Иран келишими тууралуу кабар АКШны түйшөлттү


Вашингтон Ирак өкмөтүнө кайрылып, Багдад Ирандан курал сатып алуу жөнүндөгү келишимге кол койду деген кабардын чын-төгүнүн сурады. Себеби БУУ Ирандын курал-жарак сатуусуна эмбарго жарыялаган. 24-февралда Ройтерс агенттиги ноябрда Ирак өкмөтү Ирандан 195 миллион долларга курал сатып алуу жөнүндө макулдашканын маалымдаган. Бүгүн Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебари Иранга ырасмий визит менен барды. АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки 24-февралда жасаган билдирүүсүндө эгер Ройтерс агенттигинин кабары чын болсо, “олуттуу кооптонууну жаратат”, анткени Ирандан башка бир өлкөгө курал сатылса, бул Улуттар Уюмунун эмбаргосун “түздөн түз бузуу болот” деп эскертти.

XS
SM
MD
LG