Бүгүн Бишкек гарнизонунун аскер соту Чек ара кызматынан мурдагы төрагасы Курманакун Матеновду актаган чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Искендер Журабаев билдирди. Судья Матеновго тагылган айыпты негизсиз деп тапты.
Былтыр октябрь айында Башкы прокуратура Матеновго кылмыш иш козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренеси боюнча айып тагылган. Прокуратуранын маалыматына караганда, Матенов Бишкекте жашап туруп, Алайдын Сары-Таш айылында, бийик тоолуу аймакта жашап жатат деген негизде мамлекеттен пенсия алып турган. Ага 2011-жылдын 10-мартынан 2013-жылдын 1-февралына чейин мамлекетке 409 миң 382 сом зыян келтирген деген айып тагылган болчу. Кылмыш иштин козголушуна байланыштуу Матенов Чек ара кызматынын башчылыгынан бошотулган. (BkA\KJ)