Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Жогорку Рада Януковичти Гаага сотуна берүүнү колдоду


Украина парламенти - Жогорку Рада Киевдеги кандуу булоонго жооптуу Виктор Янукович жана башка жетекчилер Гаагадагы эл аралык трибуналда соттолсун деп добуш берди. Жогорку Рада 22-февралда президенттиктен кулатылган Янукович, мурдагы ички иштер министри Виталий Захарченко, мурдагы башкы прокурор Виктор Пшонка жана башка кызмат адамдарын “адамзатка каршы кылмыш жасады” деп тапты.

Киевде 18-21-февраль күндөркү полиция менен антиөкмөтчүл протестчилер арасындагы салгылашта, соңку маалымат боюнча 100дөн ашык адам өлдү. Януковичтин кайда экени белгисиз. Захарченко жана Пшонкага украин өкмөтү издөө жарыялады. Эл аралык трибуналдын билдиришинче, Януковичке жана протест учурунда өлгөндөргө байланыштуу тергөөнү баштоо үчүн украин өкмөтүнүн өтүнүчү керек.

XS
SM
MD
LG