Жалал-Абад облусунун казыяты аймактагы диний кызматкерлерди террордук уюмдарга тиешеси бар же жок экенин текшере баштады. Облус казысы Абдулазиз Закиров “Азаттыкка” билдиргендей, ар бир имам-молдо укук коргоо органдарынан тыюу салынган диний уюмдарга мүчө эместигин далилдеген тактама алып, казыятка тапшырат. Андан сырткары “ханафи мазхабынын алкагында гана иштейм”, - деп түшүнүк кат жазып берүүгө милдеттүү.
Бул демилге жакында Кара-Суу районундагы мечиттердин биринин имам орун басары алты адамды жихадга үндөгөнү тууралуу окуядан улам ишке ашууда.
Жалал-Абад облусунда 616 мечит бар. Анын 168и каттоодон өткөн эмес. Казыяттан билдиришкендей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аймактан 20дан ашуун жаран Сириядагы согушта жүргөнүн аныктаган. (YA\SE)