Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Бала асыроого 17 чет элдик уюм арыз берди


Кыргызстандык балдарды асырап алуу боюнча иш жүргүзүү үчүн 17 чет өлкөлүк уюм арыз берди. Алардын 11и АКШга таандык, калгандары Европа мамлекеттериндеги мекемелер. Бул тууралуу “Азаттыкка” Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Чет өлкөлүк уюмдардан 10-январдан 23-февралга чейин арыздар кабыл алынды. Алардын арасынан дагы бир тобу иргелип, апрель айында тизмеси жарыяланат.

Бала асыроого байланыштуу 2012-жылы Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги мыйзамсыз аракеттер аныкталып, чет элдик уюмдардын ишмердиги да, балдарды асыроого берүү иши да токтогон.

Кыргызстанда акыркы үч жылда асыроого 3600дөн ашуун бала берилген. Алардын дээрлик бардыгын жергиликтүү тургундар багып алышса, чет элдик жарандар 9 баланы алып кетишкен. Учурда асырап алууга бериле турган 168 бала бар. (SE)

XS
SM
MD
LG