Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Сузакта жер төлөгө бекитилген куралдар табылды


Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Чек айылындагы курулушу бүтпөгөн имараттын жер төлөсүнөн тапанча, ок жана жардыргыч зат табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жашырылган куралдар жөнүндө милицияга райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайында камакта отурган адам маалымдаган. Ал айткан даректен ак футболкага оролгон тапанча, 14 даана ок жана эки жардыргыч зат табылган. Иликтөө иштери уланууда. (YA)

XS
SM
MD
LG