Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо Оштун “Алай” футбол командасы менен Бахрейндин “Ал-Риффа” командасынын беттешүүсү башталды. Оюнга таиланддык адистер калыстык кылууда. Таймаш Азия футбол федерациясынын кубогу үчүн өтүүдө. Стадионго 10 миңден ашык көрөрмөн келди.
25-февраль күнү бахрейндик спортчулар Оштогу стадион эл аралык нормаларга жооп бербей турганын айтып, алдыдагы оюн талаптагыдай болбосун белгилешкен. “Алай” командасынын жетекчилиги стадиондун шарты талапка жооп берээрин айтууда.(BkA/ErN)