Учурда Орусиянын абактарында 2473 кыргызстандык камалып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, камалгандардын көпчүлүгү маңзат ташуу жана талап-тоноо үчүн кесилген. Былтыр эки өлкө ортосундагы келишимдердин негизинде 18 жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. (BkA/ZB)