Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Депутат Мурашевге кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев жана анын тууганы Нурмухаммед Мамбеталиевге Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Буга Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевдин арызы негиз болгон.

12-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевдин ортосунда чыр чыккан. Ага аталган ооруканага түшкөн Мурашевдин жакын тууганы Арстанбек кызы Алтынайдын абалынын кескин начарлашы себеп болгон. Тууганынын абалы начарлаган соң Мурашев иниси менен бирге “келинимди жакшы карабайсың” деп токмоктогонун дарыгер билдирүүдө. Депутат болсо бул айыптоону четке кагып, өз ишине шалаакы мамиле жасаган дарыгер жоопкерчиликтен качып жатканын айтууда. 15-февралда Мурашевдин тууганы Арстанбек кызы Алтынай ооруканада өзүнө келбей каза болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG