Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Спикер Кореядан шайлоо үчүн жардам сурады


Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын спикери Канг Чанг-хи менен жолугуп, шайлоо өнөктүгүнө техникалык колдоо сурады. Корей парламентинин башчысы сунушту колдоп, көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Эки тараптуу макулдашууларга ылайык, Кыргызстанга шайлоо тутумун жеңилдеткен технологиялык жардам берилмекчи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Асылбек Жээнбеков баш болгон айрым депутаттардын Түштүк Кореяга иш сапары 24-февралда башталган. Алар парламенттер аралык жолугушуулардан сырткары, экономика, өнөр жай жана бизнес чөйрөсүндөгү адистер менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Делегациянын курамында эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгы боюнча достук тобунун жетекчиси Нарынбек Молдобаев, депутаттар Кенжебек Бокоев, Өмүрбек Бакиров, Акуналы Досалиев, Эристина Кочкарова, Роман Шин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов бар.

Иш сапар бүгүн жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG