Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Кызылчачылардын кызыкчылыгы


Чүйлүк кызылчачылардын митинги. Бишкек, 27-апрель, 2011
Чүйлүк кызылчачылардын митинги. Бишкек, 27-апрель, 2011

Парламент сырттан ташылып келген кумшекерге 30 пайыздык сезондук бажы төлөмүн киргизүү боюнча өкмөттүн мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Экономика министри Темир Сариев бул демилге жергиликтүү кызылчачылардын кызыкчылыгын коргойт десе, айрым депутаттар Кыргызстанга Беларустан кумшекер ташып келүүнүн монополиялык схемалары кайрадан жанданат деп кооптонуп жатышат.

Кыргыз өкмөтү “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” мыйзам долбоордун алкагында сырттан ташылып келинген кумшекерге 30% сезондук бажы төлөмүн киргизүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык, бажы төлөмү 1-январдан июнга чейин киргизилет.

Экономика министри Темир Сариев бул демилге жергиликтүү дыйкандардын, кызылчачылардын кызыкчылыгын коргойт деп негиздөөдө.

- Дыйкандар өндүрүлгөн продукцияны заводдо иштетип атат. Ошол заводду колдойбуз десек, ошол жерде жумушчу орундар түзүлсүн десек биз ушундай саясатты жасашыбыз керек. Мында кант камышы менен иштеген өлкөлөрдөн кумшекер алып келгендер азаят. Кызылчадан кумшекер чыгарган өлкөлөргө залакасы тийбейт.

Кыргыз базарларында кумшекердин 70 пайыздан ашыгы четтен келет жана негизинен Беларус, Украина, Казакстан, Азербайжандан алынат. Баасы жергиликтүү кумшекерге салыштырмалуу арзан. Сырттан келген кумшекер арзан болгондуктан жергиликтүү дыйкандар түйшүк-мээнетти актабай жатканын айтып келишкен. Темир Сариевдин айтымында, былтыр Кыргызстанда 29 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн. Бул ички керектөөнүн 25 пайызын камсыз кылат.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Марат Султанов өкмөттүн бул демилгесин колдойт. Бирок ал сырттан ташылып келинген кумшекердин дүйнөлүк базардагы баасын жана кумшекер ташыгандардын тапкан пайдасын элге жеткирүү зарылдыгын белгилөөдө:

- Эгер 30% бажы төлөмүн киргизсе кумшекердин бир тоннасы 550 доллар болот экен. Азыркы курс менен алганда бул жакка келгендеги баасы килограммына 25 сом болушу керек эле. Анын айырмасы канча болуп атат? Сырттан ташыгандар канча пайда таап атат, элге ошону көрсөтүш керек. Анын айынан канча дыйкан өз пайдасынан ажырап атат. Ошону коомчулукка айтыш керек.

Сариев белгилегендей, 30 пайыздык бажы төлөм кант камышынан даярдалган кумшекерге гана тиешелүү. Андыктан айрым депутаттар Кыргызстанга Беларустан кумшекер ташып келүүнүн монополиялык схемалары кайрадан жанданат деп кооптонуп жатышат.

Алардын бири “Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Улукбек Кочкоров:

- Кызылчадан алынган кумшекер бир гана Беларустан келет. “Беларус кант” заводу менен “Кайыңды канттын” кожоюндары бир. Бир адамдар муну монополия кылалы деп жатышат. Максим Бакиевдин учурунда “Беларус кант” заводу Кыргызстан базарларын 70% ээлеген. Азыркы сунуштап жаткан мыйзам кабыл алынса кумшекердин баасы кескин жогорулап, кондитердик фабрикалар чөгөлөп калат.

Буга чейин айрым ишкерлер Максим Бакиевдин калкалоосунда болгон экс-депутат Сергей Ибрагимовго караштуу ишкер чөйрөнүн, “Беларус канты” компаниясынын кызыкчылыгын айрым депутаттар менен министрлер коргоп жатканыны тууралуу айтышкан.

Министр Темир Сариев мындай дооматтарды четке какты:

- Мен Максимди кууп чыккан адамдардын биримин. Өкмөттун мүчөсү, министр болуп туруп өндүрүшчүлөрдү коргогондон корксом бул жерде отурбашым керек. Мен дыйкандарды коргойм.

Кант керектөөчүлөр бирлигинин президенти Эрлан Жусупов кумшекерге бажы төлөмүн киргизүү баалардын өсүшүнө алып келерин белгилеп жатат. Жусупов мунун ордуна демпингге каршы мыйзамды колдонууну сунуштоодо.

- Ишкер чөйрө өкмөттүн бул демилгесине каршы. Андан көрө демпингге каршы мыйзамды пайдаланып, Кыргызстанда кайсы товар монополиялык жол менен келип атса ошого бажы төлөмүн киргизиш керек.

Кыргыз өкмөтү аталган мыйзам долбоордун алкагында айрым өндүрүштөрдүн бажы тарифтеринин ченин төмөндөтүүнү, кумшекерге кошуп цементке, жумурткага бажы төлөмүн киргизүүнү сунуштап жатат. Сариевдин белгилешинче, бажы тарифтеринин ченин төмөндөтүүдөн мамлекеттик бюджет 12 млн. сом чыгаша тартса, жогорулатуу эсебинен 122 млн. сом киреше алат.

XS
SM
MD
LG