Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Депутат Балыкчы шаарын Саякбай шаары деп атоону сунуштады


Манасчы Саякбай Каралаев бүркүт менен. (Архив).
Манасчы Саякбай Каралаев бүркүт менен. (Архив).
Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Жамгырчиева бүгүн парламент жыйынында айтып чыкты. Быйыл улуу манасчы Саякбай Каралаевдин (1994-1971) 120 жылдык мааракеси белгиленет. Манасчынын атын түбөлүк калтыруу үчүн депутат Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарынын аталышын Саякбай шаары деп өзгөртүү туура чечим болоорун айтууда.

Айрым илимпоздор географиялык жер-суу аттарын эч бир инсандын ысымына алмаштырбоо керек, тарыхый инсандардын ысымдарын аянт, көчө, гүлзар, маданий жай, мектеп, театр сыяктуу жайларга гана берүү керек деген талабын айтышууда. Ал талапты колдогондордун бири, залкар акын Сүйүнбай Эралиев өз ысымын туулган айылына берүү сунушуна каршы чыкканы маалым.

Улуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы Ысык-Көл аймагындагы Семиз-Бел жергесинде туулган. Ал “Манас” эпосунун үч бөлүгүн тең айткан залкар манасчы болгон. Совет доорунда эле анын варианты китеп болуп басылган. Саякбайды жазуучу Чыңгыз Айтматов жана башка айдыңдар "кыргыз элинин 20-кылымдагы Гомери" деп жогору баалашкан.

Манасчы С. Каралаев жана жазуучу Ч. Айтматов. Кыргызстан. (Архивден).
Манасчы С. Каралаев жана жазуучу Ч. Айтматов. Кыргызстан. (Архивден).

Эгемен Кыргызстандын улуттук акча бирдигинде 500 сомдук банкнотко Саякбай Каралаевдин сүрөтү түшүрүлгөн, ал эми борбор шаар Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын маңдайында С. Каралаевдин эстелиги башка чыгаан манасчылардын катарында орнотулган.. (BkA)

XS
SM
MD
LG