Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Пакистанда анти-талибан күнү өтөт


Пакистандагы диний топтор Лахор шаарында талиптерге каршы алянс түзүштү. Суннит мусулмандарынын Барелви кыймылына кирген динзарлар "Талибанды" жана бул кыймылдын колдоочуларын "мамлекеттин душманы" деп жарыялоого чакырышты. Альянстын пикиринде, талиптерди сөзгө келтирүү мүмкүн эмес. Биримдик ошондой эле Пакистан армиясынын талиптерди куралдын күчү менен жок кылуу аракетине колдоо билдиришти жана эртең жума күнү «Талиптер кетсин» деген ураан астында антиталип күнүн өткөрүшөрүн жарыялашты.

XS
SM
MD
LG