Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Дүйнөлүк банк CASA-1000 долбоорун карайт


Бүткүл Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши 27-мартта САSA-1000 долбоорун каржылоо маселесин карайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Ушул ай башында Вашингтондо Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстандын энергетика министрлери жолугуп, аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол койгон.

Долбоордун Кыргызстандагы бөлүгүн аткаруу үчүн 230 миллион доллар керек. Долбоордун ишке кириши менен Кыргызстан электр энергиясын кымбат баада экспорттоого жаңы жол ачылат жана ал 15 жылда өзүн актайт. Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого жол ача турган CASA-1000 долбоорунун биринчи бөлүгү 2018-жылы ишке кирери күтүлүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG