Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Орусиядагы сот Навальныйды эки айга үй камагына кести


Орусиядагы оппозициялык лидер Алексей Навальный (Aleksei Navalny) Басманный сот залында. Москва шаары, Орусия. 28.2.2014.
Орусиядагы оппозициялык лидер Алексей Навальный (Aleksei Navalny) Басманный сот залында. Москва шаары, Орусия. 28.2.2014.
Москвадагы Басманный райондук соту Кремлдин кеңири таанымал сынчысы Алексей Навальныйды эки айлык мөөнөткө үй камагына кести. Оппозициялык лидерге ошондой эле интернет колдонууга жана маалымат каражаттарына кайрылууга тыюу салынды.

Ошол эле мезгилде Алексей Навальныйдын жана анын бир тууганы Олегдин үстүнөн каражатты ысырап кылуу жана арам акчаны адалдоо айыптоосу боюнча тергөө улантыла бермекчи.

Навальный бул айыптоолорду "Кремлдин өч алуу далаалаты" деп четке каккан. Коррупцияга каршы блогу менен таанылган Навальный азыр уурулук боюнча беш жылдык шарттуу мөөнөт өтөп жатат.

Шейшембиде ал апта башындагы нааразылык митингге катышып, каршылык көрсөткөнү үчүн келерки дүйшөмбүгө чейин эркинен ажыратылган эле.

XS
SM
MD
LG