Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Саруулуктар айыл өкмөттүн алдында пикет өткөрүштү


Саруу айылынын тургуну Кайрат Качагановдун «Азаттыкка» билдиришинче, айыл өкмөттүн жанына бир боз үй тигилип, 150дөй адам топтолгон.

Алар былтыр башаламандык уюштурган деп кармалган саруулуктарга сот туура эмес чечим чыгарды деп нааразы болушууда.

Топтолгондор Саруу айыл аймагынын башчысы Турар Асаналиевди да сынга алышкан. Буга Асаналиевдин кечээ “Кумтөр оперейтинг компанинин” президенти Майкл Фишерге спорт зал куруп бергендиги үчүн Саруу элинин атынан ыраазычылык катты эл менен кеңешпей туруп тапшыргандыгы себеп болгон.

Жети-Өгүз милициясы болсо "Азаттыкка" абал көзөмөлдө турганын, топтолгондордун укугу бузулбагандыгын билдирүүдө.

Өзүн атагысы келбеген айыл тургуну "Азаттыкка" бир нече киши айыл өкмөт башчысын кысымга алышканын маалым кылды.

Натыйжада Турар Асаналиев Майкл Фишерден кечээ өзү берген “ыраазычылык катын” кайра алдырган. Топтолгон эл тактайчаны өрттөгөндөн кийин тарап кеткен.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары былтыр жаз айларынан бери Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен митингдерди, жол тосууларды уюштуруп келет.

Саруу айылынын тургундарынын акыркы жол тосуусу ушул жылдын 8-февралында аяктаган эле. (SA/MK)

XS
SM
MD
LG