Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Путин куралдуу күчтөрдү Крымда пайдаланууга уруксат сурады


Кремлдин маалыматына караганда, президент Владимир Путин парламенттин жогорку палатасы - Федерация кеңешинен Украинанын аймагында орусиялык куралдуу күчтөрдү колдонууга уруксат сурады. Анын алдында депутаттар президентке кайрылып, Крымдын калкын зомбулуктан жана өзүм билемдиктен коргоо үчүн чара көрүүгө чакырышкан. Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жарым аралга орус аскерлеринин чектелген контингентин киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок. Ага чейин калкынын басымдуу бөлүгүн орустар түзгөн Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов тынчтыкты сактоо үчүн Путинден жардам сураган.

XS
SM
MD
LG