Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Кытайдагы кандуу окуяда 29 киши каза тапты


Кытай бийликтери темир жол вокзалында болгон кандуу окуя үчүн Шин-Жандын жикчилерин айыпташууда. Кечээ Куньмин шаарынын станциясында бычактар менен куралданган кишилер айланадагыларды туш келди сая башташкан. Расмий маалыматка ылайык, бул окуяда кеминде 29 киши каза тапты, 130дайы жарадар болду.

Мамлекеттик Синхуа агенттиги кол салуу үчүн шектүү 4 киши полиция тарабынан атып өлтүрүлгөнүн кабарлады. Бийлик окуяны Шиң-Жан Уйгур автономиялуу аймагынын жикчилери уюштурган теракт деп сыпаттоодо. Кытайдын президенти Си Цзинпин коопсуздук органдарын кандуу окуяны иликтөөгө бар аракеттерин жумшоого чакырды.

XS
SM
MD
LG