Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп Жусупжан Жээнбеков дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Ал бүгүн облус активине тааныштырылат.
Жээнбеков былтыр январ айына чейин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп эмгектенген. Ага чейин Жалал-Абад, Талас облустарын жетектеген.
Жалал-Абад облусун буга чейин Жусубалы Төрөмаматов жетектеп турган. (BkA)