Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Крымдагы окуяларды Орусия жана Кытай талкуулады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украин кризисин кытайлык коллегасы Ван И менен телефондон талкуулады. Орусия тараптын маалымдашынча, баарлашууда эки жактын көз карашы Украинадагы бийлик алмашуу боюнча "бир кыйла окшош" экени жана БУУда вето укугуна ээ эки өлкө Украин маселесинде тыгыз байланышта болору белгиленген. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Цзин Ган 3-мартта Бээжиндеги маалымат жыйынында:

- Биз Украинадагы окуялардын тарыхый себептерин жана бүгүнкү реалдуулуктун татаалдыгын түшүнөбүз. Мен кечээ айткандай, бул көз караштан алганда, окуялардын жүйөөсү ушундай. Биз бардык тараптар саясый чечимди диалог жана консультация аркылуу таба алат, кырдаалды мындан ары курчутпайт, региондогу тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн чогуу иштешет деп үмүт кылабыз, - деп билдирди.

Жапония Украиндагы кырдаалга “чочулоосун жана кооптонгонун” билдирди. Орусиялык аскерлердин Крымдагы кадамдары “региондогу чыңалууну күчөтөт, эл аралык тынчтыкка жана туруктуулукка зыян келтирет,”-деп айтылат Жапониянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG