Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Акыйкатчы Башкы прокуратураны сотко берет


Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин 3-марттагы билдирүүсүнө караганда, Башкы прокуратура өткөн жылы кармалган Саруу айылынын тургундарынын кыйноого алынышы боюнча Акыйкатчы тарабынан көрсөтүлгөн фактыларга эч кандай чара көргөн жок. Ошондуктан Акыйкатчы институту Башкы прокуратураны сотко берет. Аманбаевдин айтымында, Кыргызстанда орун алып жаткан кыйноолор адам укуктарын бузган эң терс көрүнүштөрдүн бири. Тартип коргоо органдары өз кезегинде Саруу айылынын тургундарынын денесиндеги тактарды аларды кармоо учурунда пайда болгон деп, кыйноолор боюнча фактыларды четке кагууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG