Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Орусия миграцияга чейинки даярдоо борборун ачат


Орусиянын федералдык миграция кызматы Кыргызстанда миграцияга чейинки даярдык көрсөтүү боюнча атайын борбор ачат. Борбор Орусияга чыгууга даярданып жаткан жарандардын документтерин текшерип, орус тилден экзамен алып, сертификат тапшырат. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлү Владимир Филиппов Бишкекте өтүп жаткан тегерек үстөлдө билдирди.

Орусияга кирүүгө тыюу салынган мигранттардын тизмеси Федералдык миграция кызматы тарабынан такталган. Кара тизмеге кирген кыргызстандыктардын саны акыркы маалыматтарга ылайык 60 миңге барат.

Расмий маалымат боюнча, учурда Орусияда 580 миң кыргызстандык жаран бар. Бирок иш жүзүндө алардын саны 1 миллиондон ашары айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG