Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Ата-энеси мигранттардын укугун коргоочу долбоор башталууда


Ички мигранттардын балдарынын укугун коргоо боюнча долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн даниялык DCA Central Asia эл аралык уюмунун өкүлү Томас Сков-Хансен маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, быйыл башталуучу долбоор 2,5 жылга созулат. Ал Бишкектин четиндеги 10 жаңы конушту камтыйт.

Башка аймактардан Бишкекке көчүп келип же чет өлкөлөргө иш издеп кеткен ата-энелердин түрдүү кыйынчылыктарга, зомбулукка кабылган балдарына жардам көрсөтүлөт. Бул үчүн донорлор 875 миң евро бөлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG