Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Билл Гейтс дүйнөдөгү эң байлардын катарына кайра кирди


Компьютердик программа чыгаруучу "Майкрософт" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтсти «Форбс» журналы 1645 миллиардердин алдыңкы сабында атады. Акыркы 20 жыл ичинде 15 ирет эң бай адам деп табылган Гейтс акыркы төрт жылдагы эң бай делген Мексиканын телеком дөө-шаасы Карлос Слим Хейлудан өтүп, 76 миллиард доллар менен алдыңкы сапка чыкты. Хейлунун байлыгы 72 миллиард экен.

Мамлекеттердин ичинен дээрлик 500 миллиардери бар АКШ биринчи, 152 бай жараны менен Кытай экинчи жана 111 миллиардер жашаган Орусия үчүнчү болду. Тизмеде Казакстандан беш киши, анын ичинде президент Назарбаевдин экинчи кызы Динара Кулибаева да бар. Украинада төрт миллиардер жашайт.

XS
SM
MD
LG