Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

Татарстандын президенти Крымга барат


Орусиянын карамагындагы Татарстан жумуриятынын президенти Рустам Минниханов Украинанын Крым аймагына барат. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Минниханов Крым автономдук республикасынын баш калаасы Симферополдо эртең болот. Крымдын өкмөт башчысынын орун басары Рустам Темиргалиев дүйшөмбүдө Минниханов Крымдын түпкүлүктүү калкы болгон крым татарлары менен Крымдын учурдагы орусиячыл өкмөтүнүн ортосунда сүйлөшүү жүргүзүүгө арачы түшүшү мүмкүн экендигин билдирген. Татарстандын баш муфтийи Камил Самигулин өткөн жекшембиде крым татарларынын жол башчылары менен кездешкен эле.

XS
SM
MD
LG