Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Европа биримдиги Украинага 11 млрд. евро бөлүүнү чечти


Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозунун шаршембидеги билдирүүсүнө караганда, Европа биримдиги жакынкы эки жылдын ичинде Украинага 11 млрд. евро бөлөт. Акча украин өкмөтүн колдоо максатында берилет. Өкмөт өз кезегинде реформаларды жүргүзүүгө тийиш.

Украина февраль айында алган орус газы үчүн акча бере албай турганын билдирди. "Газпромдун" башчысы Алексей Миллердин айтымында, азыркы мезгилге карай Украинанын газ үчүн карызы 2 млрд. долларга жетип калды. (AiT)

XS
SM
MD
LG