Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Акматбек Келдибековго байланыштуу иш тергелип бүттү


Бул тууралуу 5-мартта Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев билдирди. Эми прокуратура Акматбек Келдибековго айыбын угузуп, андан кийин соттук териштирүүлөр башталыш керек. Белгилүү болгондой, Келдибеков коррупция, кызмат абалынан пайдалануу, кылмыштын уюштуруучусу катары айыпталууда. Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кени боюнча лицензияны сатууга Келдибековдун тиешеси да иликтенүүдө.

Акматбек Келдибеков өз кезегинде ал айыптоолорду четке кагып, ага байланышкан кылмыш иштер саясий ишмердүүлүгү үчүн козголгонун билдирип келатат. Келдибеков өткөн жылы ноябрь айында кармалып, соттун чечими менен убактылуу камакка алынган. (AiT)

XS
SM
MD
LG