Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Вашингтон Украинадагы абалга тиешелүү адамдарга дагы санкция жарыялады


АКШ өкмөтү Украинанын “күнкорсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч туудурууда” деп, Орусия жана Крымдын бир катар расмий адамдарына жана мекемелерине визалык чектөө киргизди.

Ак үйдүн 6-марттагы билдирүүсүндө “Украинадагы демократиялык жараяндарга же институттардын ишмердигине доо кетирген аракеттер үчүн жооптуу жеке инсандарга жана мекемелерге” каршы визалык чектөө киргизген токтомго президент Барак Обама кол койгону айтылат.

Вашингтон буга чейин Украинадагы адам укуктарын бузган саясий куугунтуктоолого тийиштүү адамдарга каршы санкция киргизген. Ак үйдүн маалымдашынча, Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө жараша кошумча чара көргөнгө даяр.

Ушу тапта Евробиримдиктин лидерлери Орусиянын Крымга аскер киргизгенине байланыштуу көрүлчү чараларды талкуулап жатат.

XS
SM
MD
LG