Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун байкоочулар тобун Крымга куралчан адамдар киргизбей коюшту. Бирок алар “артка кайтпай бекем турушканын” Франс-пресс агенттиги дипломаттык булактарга шилтеп кабарлады.
Байкоочулардын маалымдашынча, ЕККУнун байкоочулар тобун өткөөл бекетинен орусиячыл куралчандар тобу өткөрбөй койгон. 40 адамдан турган куралсыз аскерий байкоочулардын максаты - өткөн аптада орусиялык күчтөр басып кирген Крымдагы чыңалууну басайтуу жолдорун иликтөө. ЕККУнун байкоочуларынын мандаты 12-мартта бүтөт. Алар өлкөгө Украинанын жаңы өкмөтүнүн чакыруусу боюнча келишкен.
Ал эми Крым татарларынын Межлиси орусиячыл Крым парламенти тарабынан 16-мартка белгиленген референдумду жана ага камылга иштерди толук бойкот кылууга Крымдагы бардык этностордун өкүлдөрүн чакырды. Бул тууралуу Межлис жетекчиси Рефат Чубаров бүгүн маалымат жыйынында жарыя кылды.