Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси жана башка 14 адамдын соту 6-мартта башталбай жатып токтотулду. Сотту кийинкиге жылдырууга Мурсинин адвокаттарынын соттун мүчөсүн алмаштырууну талап кылуусу негиз болду.
Адвокаттар үч соттун бирин жакында өкмөттүк телеканалга берген интервьюда юридикалык жараянга карата өз пикирин айтты деп айыпташты. Сот интервьюну угуп, сот мүчөсүнүн сөзү аны жараяндан четтетүүгө негиз берерин же бербесин аныктоого тийиш.
Мурси жана башка айыпталуучуларга азыркы тапта өкмөткө каршы чыгып жаткан исламчыл күчтөрдү 2012-жылы декабрда Египет президентинин кеңсесинин маңдайында демонстрация өткөргөн секулярчыларды өлтүрүүгө тукурган деген доо коюлууда.
Андан тышкары Мурси чет өлкөлүк топтор менен мамлекетке каршы кутум уюштурган, түрмөдөн качкан жана сот судьяларын теңине албай, келекелеген деп да айыпталып жатат.