Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Иракта жардыруулардан ондогон адамдар мерт кетти


Акыркы маалыматтар боюнча, Ирактагы кагылышуулардан отуз киши өлдү. Бейшемби күнү Багдаддын шииттер жашаган бөлүгүндө үч машине жардырылып, андан 11 киши өлүп, 35 жарадар болду. Хилла жана Мишада шаарларындагы жардыруулардан 15ке чукул киши өлүп, ондогондор жарадар болду. Фаллужа шаарында өкмөт аскерлери менен Ирак жана Леванта ислам мамлекети уюмунун жоочуларынын ортосундагы кагылышуудан төрт киши набыт болду. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери Иракта 1400 киши өлтүрүлдү. (AiT)

XS
SM
MD
LG