Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

ӨКМ: Чүйдө айрым үйлөрдү суу капташы ыктымал


Чүйдүн Панфилов районуна караштуу Курама жана Вознесеновка айылдарындагы айрым үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралды. 6-марттан тарта Бишкек - Чалдовар унаа жолунун түштүк тарабындагы тоодон түшкөн суу арыктан ашып, үйлөрдүн короолорун каптай баштаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигиниин куткаруучулары жана жергиликтүү элдин кыркка жакын өкүлү кум толтурулган кап менен суунун агымын тосуп, Курама айылындагы кооптуу абал убактылуу жоюлду. Ал эми Вознесеновка айылындагы жээк бекемдөө иштери бүгүн да уланат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG