Ош шаардык Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү калаада унаа тээп жүргөн айымдарга гүл тартуулап, майрам менен куттуктоодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Аялдарды куттуктоо акциясы 3-мартта башталган. ЖКК өкүлдөрү машина айдап бараткан айымдарга гүл тартуулоо менен катар жол эрежелери боюнча кыскача кеңеш да берип жатышат.
Айымдарды куттуктоо акциясы 9-мартка чейин уланат. (SE)