Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Яценюк: Цивилизациялуу дүйнө Крым референдумун тааныбайт


Мындай пикирин бүгүн Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк билдирди:

- Крымдын өзүн бийлик деп атагандары өткөрүп жаткан референдумдун жыйынтыгын цивилизациялуу дүйнөдөн эч ким тааныбайт.

Мунун алдында кечээ Украинанын Крым автоном республикасынын парламенти Орусиянын курамына кошулуу үчүн добуш берип, бул чечимди бекитүү үчүн 16-мартка референдум белгилеген эле.

Орусиянын жогорку бийлик өкүлдөрү Крым бийликтеринин чечимин кубатташты. Мамлекеттик думанын төрагасы Сергей Нарышкиндин бүгүн Крым парламентинин делегациясы менен жолугушкан соң билдиргенине караганда, алар крымдыктардын “тарыхый тандоосун” урматташат.

АКШ, Еврошаркет бийликтери Крым референдумун эл аралык укукту, Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузган иш катары кескин айыпташты. (UE)

XS
SM
MD
LG