Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

"Газпром" Украинага газды жабаарын айтып коркутту


Орусиянын "Газпром" концернинин башчысы Алексей Миллер Киев эки миллиард доллар карызын төлөбөсө, көгүлтүр отсуз калаарын эскертти.

Жума күнү Москвада 65 миңдин тегерегинде киши катышкан Орусиянын Крым боюнча саясатын колдогон митинг-концерт болду. "Интерфакс" агенттиги демонстранттар "Путинге ишенебиз", "Крым – орус жери", "Өзүбүздүкүлөрдү коргойбуз” деген ураандарды кармап турушканын кабарлайт.

21-март күнү Мамлекеттик Дума Крым автономдук республикасын Орусиянын курамына жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл алуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карай тургандыгы маалым болду. Мыйзам долбоордун демилгечиси парламенттеги “Адилет Орусия” фракциясы.

Ага чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Брюсселдин виза режимин жеңилдетүү боюнча Москва менен сүйлөшүүлөрдү токтотуу жана орусиялык айрым жетекчилерге санкция жарыялоо тууралуу коркутуулары түшүнбөстүк жараткандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG