Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Путин паралимпиада чыңалууну жазат деп ишенет


Орусия президенти Владимир Путин 11-Кышкы паралимпиадалык оюндарды ачык деп жарыялады. 7-мартта Сочиде ачылган салтанатка Украинадан бир гана майып спортсмен катышты. 37 жаштагы Михаил Ткаченко Фишт майданынан колчыгырыгына отуруп өтүп баратканда көрүүчүлөр узакка кол чабышты, атүгүл айрымдар туруп турушту. Ткаченко Украинанын туусун бир жылмайбай көтөрүп өттү. Олимпиадага Украинадан бардыгы 31 спортсмен катышууда. Орусиянын Крымга аскер киргизгенине нааразылык ирети кээ бир Батыш мамлекеттери, анын катарында АКШ, Британия, Германия Кышкы паралимпиадага өкмөттүк делегация жиберген жок. Путин паралимпиада Орусиянын Украинадагы саясатына байланыштуу түзүлгөн “салкын мамилени жана чыңалууну” жибиткенге жардамдашат деген тилегин билдирди.

XS
SM
MD
LG