Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Орусия-Украина кризистен бери биринчи жолу түз сүйлөштү


Орусия жана Украина Крым кризиси башталгандан бери биринчи ирет түз сүйлөштү. 8 - мартта Москвада Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин Украинанын элчиси Владимир Ельченко менен эки мамлекет арасындагы мамилелерди “ачык-айрым маанайда” талкуулашканын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Сүйлөшүүнүн мазмуну жөнүндө башка кеңири маалымат берилбеди. Ал эми Европа комиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу Евробиримдик Украина менен тилектеш болууга милдеттүү экенин айтып, Киев менен Ассоциациялык келишимдин саясий баптарына “токтоосуз” кол койууга чакырды.

БТРлерге түшкөн орусиялык аскерий конвой Симферополдун жанындагы базага жүрүп кеткени маалымдалды. Орусиячыл күчтөр Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочуларын Крымдын аймагына киргизбөө үчүн 8-мартта асманга ок атышты.

XS
SM
MD
LG