Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Бишкекте күрөш боюнча мелдеш жыйынтыкталды


9-мартта Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин залында СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Ремезовду эскерүүгө арналган эркин жана грек-рим күрөшүнөн эл аралык турнир жыйынтыкталды. 4 күнгө созулган мелдеште Кыргызстан менен Казакстандын үч жүздөй жаш балбаны күч сынашты. Кыздар арасындагы мелдеште Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп жүргөн Динура Сулайманова, Юлия Филистеева, Бурулсун Эсенбай кызынын чеберчилиги жогору бааланып, жеңишке жетти. Нарындык Ажар Заирбек кызы, токмоктук Назгүл Жаркынбаева, бишкектик Кундуз Кушубакова да өз салмагына жараша баш байгенин ээлери болду.

Грек-рим күрөшүнөн жеңил салмактарда Сардарбек Конушбаев, Каниет Байтиков, 60 кило салмакта Азия чемпиону Рустам Тейишов, 66 кило салмакта Бекболсун Асаналиев, 74 кг. салмакта Самат Чоңоралиев жана 90 кило салмакта Үзүр Жусупбеков биринчи орундарды камсыз кылышты. Бул жигиттер Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучулары. 84 кило салмакта казак балбаны Агит Сулейманов жеңүүчү деп таанылды.

Эркин күрөш боюнча жүздөй балбандан иргелип, баш байгени жеңил салмактарда Кубанычбек Таштанбеков, Абдыкерим уулу Жыргалбек, 60 кило салмакта “Замандаш” спорт клубунун балбаны Майрамбек Исламов, 66 кг. салмакта Азим Бакаев, 74 кило салмакта Калыс Шерамүдүнов, 84 кг. салмакта Айдос Догдурбеков, 96 кило салмактагы Шайырбек Курманбек уулу биринчи орундарды ээледи.

СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Ремезов учурунда өлкөдө эркин күрөштүн өнүгүшүнө барандуу салым кошуп, жаштар, уландар арасында дүйнө чемпиондору: Владимир Соколов, Александр Мишуров, Европа чемпиону Михаил Кастопулла баштаган ондогон спорт чеберлерин тарбиялаган. (КМа)

XS
SM
MD
LG