Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Дайынсыз учактыкы делген калдыктар деңизде көрүндү


Вьетнамдын Жарандык авиация башкармалыгынын маалыматы боюнча, аталган өлкөнүн деңиз аскер күчтөрү “деңизде табылган калдыктар малайзиялык учактыкы болушу мүмкүн”, - деген кабар таратты.

Издөө иштери караңгыда жүргөндүктөн, деңиз жээгинде көрүнгөн нерселер жоголгон учактыкы дегенге азырынча кепилдик жок экени да айтылууда.
8-март күнү Малайзия аба жолдорунун "Боинг–777-200" самолёту 239 жүргүнчү менен Куала-Лумпурдан Бээжинге сапар алган учурда дайынсыз жоголгон.
Кытайга учуп бараткан самолёт болжол менен Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңизде көздөн кайым болгон.

Малайзия бийликтери издөө иштеринде түрдүү өлкөлөрдөн 40 кеме жана 34 учак катышып жатканын айтты.

Ал ортодо тергөөчүлөр видеокөзөмөл жаздырууларды текшере баштады. Дайынсыз учактын эки жүргүнчүсү уурдалган европалык паспорт менен самолётко отурушканы маалым болду.

XS
SM
MD
LG