Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

Транзиттик борбордун аскери ээнбаштык үчүн шектелүүдө


Бишкектеги “Манас” Транзиттик жүк ташуу борборунун 29 жаштагы кызматкери, АКШнын жараны кыз зордуктоого аракет кылганы жана милицияга каршылык көрсөткөнү үчүн кармалды. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 9-март күнү саат 5:30 чамасында №10 милиция бөлүмүнө 22 жаштагы Жамиля аттуу кыз кайрылып, чет элдик белгисиз жаран аны зордуктоого аракет кылганын айтып кайрылган. Кыздын айтуусунда, чет элдик жаран ага каршылык келтиргени үчүн кол көтөрүүгө чейин барган жана кыз менен кошо таксиге отуруп, №10 милиция бөлүмүнө чейин келген. Ал жерден милицияга каршылык көрсөтүп, столду сындырып, милиция кызматкеринин погонун жулуп алган.

Бул факт боюнча “Ээнбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал тууралуу “Манас” Транзиттик борборунун жетекчилигине жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигине маалымдалды деп билдирет Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG